Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:52

Жаш экономист-окумуштуулар уюму түзүлөт


Кыргызстанда жаш экономист-окумуштуулар уюму түзүлөт. Бул тууралуу “Азаттыкка” аталган идеянын демилгечиси, окумуштуулардын Евразия экономикалык клубунун мүчөсү Темирбек Асанбеков билдирди. Айтымында, ал жакында эле аталган уюмдун Уралда өткөн жыйынына катышып келди.

Ноябр айында бул клубдун мүчөлөрү Кыргызстанга келип айрым экономикалык маселелерди, аларды чечүүгө жаштарды, жаш окумуштууларды тартуу жолдорун талкуулайт.

Экономиканын азыркы талабына жараша жаштарды көбүрөөк тартып, орчундуу маселелерди чечүү боюнча топ түзсөк, ага жаштарды катыштырсак деп жатабыз, - дейт Асанбеков.

Евразия экономикалык клубу 2007-жылы казак президенти Нурсултан Назарбаевдин демилгеси боюнча түзүлгөн. Ага Азербайжан, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Эстония мүчө. (RK)

XS
SM
MD
LG