Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Август, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:02

Мотуев: Бизге кысым болууда

23-октябрда Жогорку Кеңеш имаратынын алдына пикетке чыккан айрым адамдарды күч түзүмдөрү кармап кетти. Бул тууралуу “Азаттыкка” бүгүн өзүн Кыргызстанды сактоо кыймылы деп атаган уюмдун тең төрагасы Нурлан Мотуев кабарлады. Милиция бул уюмдун тең төрагасы Назарбек Нышановду кармап кетип, кайра коё бергенин айтты.

Мотуевдин билдиргенине караганда, жаңыдан түзүлгөн бул уюмдун максаты – Кыргызстандын жер-кен байлыктарын улутташтыруу, парламентти таркатуу, жаңы Конституция кабыл алуу жана 2010-жылдын апрел, июн окуяларынын күнөөлүүлөрүн жазалоону тездетүү.

Ички иштер министрлигинен “Азаттыкка” кабарлашкандай, Нышанов нааразылык акциянын максаты тууралуу маалымат алуу үчүн гана чакырылып, 20 мүнөттөн кийин кайра коё берилген.

Ошондой эле ИИМ коррупция менен күрөшүү талабын коюп пикетке чыгып жаткан Назарбек Нышановдун өзү 2000-жылы мамлекеттен 900 миң сом уурдаган деген айып менен соттолгонун кабарлайт. (RK)
Куржундар
XS
SM
MD
LG