Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:55

Апрель-июнь окуяларында жабыр тарткандар социалдык жактан корголот


Президент Алмазбек Атамбаев “2010-жылдын апрель-июнунда болгон окуялар маалында набыт болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан адамдарды социалдык жактан коргоо жөнүндө” мыйзамга кол койду. Ага ылайык, набыт болгондордун үй-бүлө мүчөлөрүн жана жабыр тарткан адамдарды социалдык жактан коргоо чаралары мыйзам тарабынан бекемделет.

Ар бир айлык социалдык пособиени бекитүү, билим берүү уюмдарынын бюджеттик бөлүмдөрүнө кирүү үчүн квоталарды берүү, мыйзамда белгиленген тартипте жеке турак жай куруу үчүн жер участкаларын биринчи кезекте алуу жана Мамлекеттик кепилдиктердин программасына ылайык акысыз текшерип кароого жана медициналык жардам көрсөтүү каралган. Мындан сырткары аскердик кызмат өтөөдөн бошотуу, жеке турак жай куруу үчүн жер участкаларын биринчи кезекте алуу жана социалдык коргоонун башка чаралары каралган. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди. (КЕ)

XS
SM
MD
LG