Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июль, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 09:28

Тажикстандын эки жараны маңзат менен кармалды


Тажикстандын Ички иштер министрлигинин эки өкүлү Кыргызстанда маңзат менен кармалды. Маңзатты көзөмөлдөө кызматынан билдиришкендей, Ош облусуна караштуу Алай районундагы Боз-Дөбө стационардык бекетинен "Мицубиси-Пажеро" үлгүсүндөгү машине токтотулган. Машинеден 9 пакетке бөлүнүп салынган 6 килограмм героин табылган. Тергөө маалында алар Тажикстандын ИИМнин кылмыш иликтөө бөлүмүндө иштей тургандыгы аныкталган. Алар маңзатты Кыргызстан аркылуу Орусияга алып өтүүнү көздөшкөн. (КЕ)

XS
SM
MD
LG