Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:49

Түркмөнстанда кезектеги мунапыс жарыяланды


Гурбангулы Бердымухаммедов.
Гурбангулы Бердымухаммедов.
Президент Гурбангулы Бердымухаммедовдун соңку жардыгына ылайык, мунапыс 2000 адамга берилүүдө.

Мунапыс бул жолу Түркмөнстандын көз карандысыздыгынын 21 жылдыгына байланыштуу жарыяланды.

Мурдагы президент Сапармурад Ниязов мунапыс боюнча жардыкты жылына бир ирет, адатта Рамазан айын утурлай чыгарчу.

Азыркы президен Гурбангулы Бердымухаммедов абактагыларга мунапысты мамлекеттик майрамдарды утурлай жылына бир нече ирет берет.

Түркмөнстан Көз карандысыздык күнүн 27-октябрда майрамдайт. (UE)

XS
SM
MD
LG