Бишкек шаарынын Свердлов райондук прокуратурасы ИИМ академиясынын имаратынан кулап кетип каза тапты делген курсаттын өлүмүнө байланыштуу “атайлап ден соолукка зыян келтирүү”, “шалаакылык” беренелери боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы бүгүн билдирди. Каза тапкан курсант Нурлан Ниязбековдун ата-энеси окуяны акыйкат иликтеп берүү өтүнүчү менен Свердлов райондук прокуратурага 16-октябрда кайрылган.
8-октябрда 22 жаштагы курсант Нурлан Ниязбеков нөөмөттө турган учурда 3-кабаттан кулап кетип каза тапкан. Академия жетекчилиги Ниязбековдун мас абалында кулап кеткенин билдирген. Курсанттын ата-энеси уулунун өлүмүнө өз убагында жардам көрсөтпөгөн академия жетекчилигинин шалаакылыгы себеп болгонун айтып, күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну талап кылып жатышат.
Ниязбековдун өлүмүн акыйкатчы түзгөн комиссия да иликтейт. (КЕ)