Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:16

Алишер Саиповдун өлүмү кайрадан териштирилүүдө


Бул тууралуу “Азаттыкка” ички иштер министринин орун басары Мелис Турганбаев кабарлады. Анын айтымында, 5 жыл мурда белгисиз бирөөлөр атып кеткен журналист Алишер Саиповдун өлүмүнө байланыштуу жаңы жагдайлар бар. Тергөөнүн жыйынтыгы баштапкы версиядан башкачарак чыгышы мүмкүн. Учурда тергөө жүрүп жатканына байланыштуу алар ачыкталбайт.

- Тергөөгө байланыштуу биздин кызматкерлер анын атасы менен да жолуккан. Тергөөгө жолтоо болбойлу деп айрым учурларды тастыктабай, көп нерсени ачыкка чыгара элекпиз. Дагы далилдей турган көп жагдайлар бар. Анын үстүнө окуя болгондон бери көп убакыт өттү.

Алишер Саипов мындан туура беш жыл мурда, 2007-жылдын 24-октябрында Ошто белгисиз бирөөлөрдүн огунан көз жумган. Ушул күнгө чейин чейин кылмышка күнөөлүүлөр так аныктала элек.

2010-жылдын башында Абдугафар Расулов деген жаран журналистти өлтүргөн деп айыпталып, Ош шаардык соту тарабынан 20 жылга эркинен ажыратылган.

Алишердин атасы Авас Саипов соттун чечимине макул эместигин билдирип, чыныгы күнөөкөрлөр ачыкта жүрөт деген пикирде. (КЕ)

XS
SM
MD
LG