Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:38

Кыргызстан гендердик ажырым рейтингинде 54-орунга түштү


Бул Кыргызстандын туруму былтыркыдан 10 тепкичке ылдыйлады дегенди билдирет.

Гендердик ажырым боюнча баяндаманы даярдаган Дүйнөлүк экономикалык форумдун түшүндүрмөсүнө караганда, Кыргызстандын ордунун ылдыйлашы аялдар үчүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрдүн, билим алуу, саламаттыкты сактоо көрсөткүчтөрүнүн начарлаганына байланыштуу.

Борбор Азиядан Казакстан дагы мурдагыдан 18 тепкичке көтөрүлүп, 31-орунга чыккан. Бул айлык акыдагы ажырымдын азайышы, парламенттеги жана өкмөттөгү аялдар санынын көбөйүшүнөн улам болгон.

Ал эми Тажикстан 96-орунда. Өзбекстан менен Түркмөнстан 135 өлкө кирген баяндамада камтылган эмес. КМШ өлкөлөрүнүн Орусия, Азербайжан, Украинанын орду Кыргызстандыкынан төмөн.

Жалпысынан Дүйнөлүк экономикалык форумдун иликтөөсү көрсөткөндөй, дүйнө гендердик теңдикке жете элек. Бирок баяндамада мамлекеттердин көпчүлүгү ортодогу ажырымды азайтууга карай бир аз да болсо жылыш жасаганы айтылат. (UE)

XS
SM
MD
LG