Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:52

Динара Асанованын 70 жылдыгы белгиленүүдө


Бүгүн Бишкекте белгилүү кинорежиссер Динара Асанованын 70 жылдыгы белгиленүүдө. Жакындары, кесиптештери, анын талантына таазим эткендер белгилүү режиссерду эскерүүгө Ала-Арча көрүстөнүндөгү бейит башына чогулушту. Ушул тапта Асанова тууралуу даректүү тасма Кино үйүндө көрсөтүлүп жатат.

Динара Асанова 1942-жылы 24-октябрда Фрунзе шаарында туулган. Ал советтик киного өзгөчө стили менен ачылыш жасаган. Ал өзүнүн кейиштүү кыска өмүрүндө он тасма тартса да, кино өнөрүндө мыкты чыгармаларды жаратып кеткен чебер катары өчпөс из калтырып кетти. Ага көзү өткөндөн кийин 1985-жылы “Безери балдар” (Пацаны) киносу үчүн СССРдин мамлекеттик сыйлыгы ыйгарылган.

Кинорежиссер “Бейтааныш” (Незнакомка) деген аталыштагы тасманы Мурманскиде тартып жүрүп, 43 жашында жүрөгү кармап каза болгон. (КЕ)

XS
SM
MD
LG