Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:24

Сириялыктар Курман айт учурунда ок атышууну токтотууга макул болду


Лахдар Брахими
Лахдар Брахими
Бул тууралуу бүгүн Каирдеги басма сөз жыйынында Улуттар уюму менен Араб лигасынын чабарманы Лахдар Брахими билдирди. Анын айтымында, Сириянын өкмөтү жана козголоңчулардын топтору Курман айт күндөрү ок атышууну токтотууга алдын ала макул болушту. Ал кошумчалагандай, Сириянын өкмөтү ок атышууну токтотуу шартын кабыл алганы боюнча бүгүн же эртең расмий билдирүү жасайт.

Лахдар Брахими сириялык козголоңчулардын кайсыл топтору менен байланышканын бөлүп айткан жок, бирок алардын көпчүлүгү ок атышууну токтотууга принцибинде көнгөнүн белгиледи:

- Биз Сириянын ичинде сүйлөшүүбүзгө мүмкүн болгон түрдүү фракциялар менен, ага катар козголоңчулардын түрдүү лидерлери менен байланыштык. Алардын көпчүлүгү ок атышууну токтотууга макул болду. Бул жупуну демилге ийгилик тапса, биз аны ок атышууну узак мөөнөткө токтотуу боюнча сүйлөшүүлөргө таяныч катары пайдаланабыз. Ок атышуунун токтошу кеңири саясий жараяндын бир бөлүгү болушу керек.

26-октябрь, жума күнү башталуучу Курман айт араб дүйнөсүндө үч-төрт күнгө созулат.

Брахиминин бүгүнкү жарыясы алдында Сириянын аскерий учактары түндүк-батыштагы Идлиб провинциясынын козголоңчулар көзөмөлдөгөн аймактарына жана борбор Дамасктын чет жакасындагы Ирбин, Хараста райондоруна рейд жасаган. (UE)

XS
SM
MD
LG