Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:28

Казанда коопсуздук күчтөрү согушкерлер менен атышты


Казандын атышуу болгон көчөсү. 24-октябрь, 2012-жыл.
Казандын атышуу болгон көчөсү. 24-октябрь, 2012-жыл.
Татарстандын Ички иштер министрлигинин билдиргенине караганда, согушкерлер полиция менен атышуу баштаганда борбордун бир көчөсүн тороп алышкан. Атышуу учурунда үч согушкер, ал эми коопсуздук күчтөрүнүн эки өкүлү каза тапкан.

Полициянын айтымында, мерт болгон согушкерлердин бири жанкечтинин бел курун тагынып жүргөндөй.

Татар бийликтери республикада исламчыл радикалдардын коркунучу күчөп бара жатканын кийинки кездери утур-утур эскертип жатат.

Быйыл июлда Татарстандын муфтийи Илдуз Файзов бомба жардыруусунан жаракат алса, муфтийдин мурдагы орун басары Валилулла Якупов атып өлтүрүлгөн.

Бул кол салууларды радикал исламдын жолдоочусу деп шектелгендер ишке ашырганы айтылган. (UE)

XS
SM
MD
LG