ЕККУнун демократиялык интституттар жана адам укуктары боюнча бюросунун байкоочулары атынан Кыргызстандын бир өкүлү 6-ноябрда өтчү АКШдагы президенттик шайлоого көз салат. Бул тууралуу ЕККУнун Бишкектеги борборунан кабарлашты. Маалыматка ылайык, АКШдагы президенттик шайлоого узак мөөнөттөгү байкоочу катары Кыргызстандын жараны Айжан Беккулиева тандалып алынган. Учурда Беккулиева 23 өлкөдөн турган эл аралык байкоочулар тобунун курамында АКШдагы шайлоого даярдыкка көз салууда.
АКШда президенттик шайлоо 6-ноябрда болот. Ага демократиялык партиядан учурдагы президент Барак Обама жана республикачылардын талапкери Митт Ромни катышууда.(BkA)
АКШда президенттик шайлоо 6-ноябрда болот. Ага демократиялык партиядан учурдагы президент Барак Обама жана республикачылардын талапкери Митт Ромни катышууда.(BkA)