Майып жаштардын кыймылы бүгүн Бишкек мэриясынын алдында шаарда майыптарга шарт түзүүнү талап кылып тынч митинг өткөрөт. Бул тууралуу аталган акциянын уюштуруучуларынын бири Үкөй Мураталиева кабарлады.
Нааразылык акциясында шаар бийлигинен Бишкектеги коомдук жайларда майыптар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп берүү талап кылынат.
- Канча жылдан бери эле ушундай убадалар берлип келе жатат. Бирок ишке ашкан жок. Майып адамдар жыл өткөн сайын коомдук турмушка аралашып, өз алдынча аракет кылууга аракет кылып жатат. Мындай аракеттерди колдоо үчүн тиешелүү шарттар түзүлүш керек, - деп билдирди Мураталиева.
Акциянын алкагында флеш-моб жана майыптар арасында ар кандай мелдештер өткөрүлөт. Кыргызстанда майып адамдардын саны 133 миң деп эсептелип жүрөт.