Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:01

Грузияда парламент жаңы өкмөттү бекитет


Грузиянын парламенти бүгүн Бидзина Иванишвили башында турган жаңы өкмөттү бектиши керек. 1-октябрдагы парламенттик шайлоодо миллиардер Иванишвили башында турган “Грузин кыялы” коалициясы жеңишке жеткен.

Шаршембидеги парламенттин жыйынында Иванишвили бир жарым жылдан соң саясаттан кетээрин жар салды. Бирок өзү жетектеген коалиция убада берген эң маанилүү реформалар үчүн жооп берээрин билдирди.

Премьерлик орунга отурчу Иванишвили Грузиянын тышкы саясаты боюнча анын көз карашы президент Саакашвилиникине окшош экенин, өлкөнүн НАТОго жана Евробиримдикке кошулуусуна умтулаарын айтты. Ошол эле маалда 2008-жылы Түштүк Осетиядагы жаңжалдан соң мамилеси кескин начарлаган Орусия менен да алаканы жандантуу убадасын берүүдө.

XS
SM
MD
LG