Германияда Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда нацисттердин колунан каза тапкан сыгандарга арналган эстелик ачылды.
Канцлер Ангела Меркель эстеликтин ачылыш аземинде сүйлөп, жарым миллиондой сыгандын кырылышын кайгылуу окуя деп атады. Эстелик Германиянын федералдык өкмөтү бөлгөн 2,8 миллион евро грантка курулган. Ал Берлинде Рейхстаг, ошондой эле нацисттердин колунан жапа чеккен жөөттөр менен гомосексуалдарга арналган эстеликтердин жанында орун алды.
Фашисттердин концлагеринде отуруп, аман калган сыгандардын бири ошол окуяларды эскерип, сыгандар туш болуп жаткан азыркы дискриминацияны айыптады. Европада жашаган 11 миллиондой сыгандардын көбү жакырчылык жана дискриминациядан жапа чегип келишет.