Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:49

Греция милдеттемелерди аткарууга кошумча убакыт алганын билдирди


Греция эл аралык финансы институттары алдында алган милдеттенмелерин аткаруу үчүн 2 жылдык мөөнөт алды. Бул тууралуу билдирген финансы министри Янис Стоурнарас макулдашуунун чоо-жайы тууралуу айткан жок. Греция бюджетти үнөмдөө чараларын ишке киргизүү үчүн мурда каралгандай 2014-жыл эмес 2016-жылга чейин убакыт алды. Бул маалыматты Евробиримдиктин финансы иштер боюнча комиссары Оли Рен да басма сөз катчысы аркылуу төгүндөдү. Симон О`Коннордун айтымында, азырынча келишимге жетише элек, бирок бул багытта прогресс бар. Евробиримдиктин жетекчилери чечим кабыл алаардын алдында эл аралык инспекторлордун отчетун күтүп жатышат. Греция 240 миллиард евро жардам алуу үчүн аны 2014-жылга карай кайтарып берүүгө даярдыгын далилдеши керек.

XS
SM
MD
LG