Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:12

Садыр Жапаровдун адвокаты Жогорку Сотко кайрылды


Камактагы депутат Садыр Жапаровдун баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча көзөмөл арыз Жогорку Сотко тапшырылды. Бул тууралуу “Азаттыкка” Жапаровдун адвокаты Токтогул Абдиев билдирди. Арыз Жогорку Сотто качан каралары азырынча белгисиз.

22-октябрда Бишкек шаардык соту депутат Садыр Жапаровдун баш коргоо чарасын карап, баштапкы чечимди күчүндө калтырган. Ага ылайык, депутат 5-декабрга чейин камакта кармалат.

3-октябрдагы Ак үй алдындагы башаламандык боюнча “Ата Журт” партиясынын депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовго “Конституциялык бийликти кулатууга аракет кылган”, “Бийликти басып алууга чакырык жасаган” деген айыптар тагылууда. (KKs)

XS
SM
MD
LG