Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Январь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 21:58

Акыйкатчы Сабировдун ишин адилет териштирүүгө чакырды


Акыйкатчы Турсунбек Акун мурдагы социалдык өнүктүрүү министри Равшанбек Сабировду 15 жылга эркинен ажыратуу боюнча прокурордун өтүнүчүн айыптады. Мындай билдирүүнү Акыйкатчы аппаратынын басма сөз кызматы таркатты. Мамлекеттик айыптоочу экс-министрди узак мөөнөткө эркинен ажыратуу боюнча өтүнүчүн 23-октябрдагы кезектеги соттук жараянда билдирген. Турсунбек Акун бул өтүнүчтү аша чапкандык катары баалап, Сабировдун ишин мыйзам чегинде териштирүүгө чакырууда.

Равшанбек Сабиров “ири өлчөмдө пара алган” деген айып менен 5-июль күнү камакка алынган. 25-июлда анын баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, үй камагына чыгарылган. (KKs)

XS
SM
MD
LG