Казак тараптын Кыргызстандан чыккан сүт продукцияларына тыюу салышы боюнча Экономика министрлиги үн катты. Министрликтин басма сөз кызматы таркаткан билдирүүдө, Казакстандын кадамы эки өлкө ортосундагы түбөлүк достук тууралуу келишимге каршы келери, өз кезегинде Кыргызстан да Казакстандын айрым продукцияларына чектөөгө киргизе алары айтылган. Кыргыз өкмөтү тыюу салынышы мүмкүн болгон продукциялардын катарына Казакстандан келген кондитердик азык-түлүктөрдү, алкоголдук ичимдиктерди, эт жана тамеки продукцияларын кошкон.
Мындан тышкары билдирүүдө Казакстан тарап Беларус жана Орусиядан айырмаланып, Кыргызстандын Бажы биримдигине киришине тоскоолдуктарды жаратып жатканы белгиленген.
3-октябрдан тарта казак тарап Кыргызстандан ташылган сүт азыктарына тыюу салган. Казакстан мындай кадамга Кыргызстан өзүнө жүктөлгөн милдеттемелерди аткарбай койгону үчүн барганы кабарланган. (KKs)