Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Сентябрь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:17

БШК: Эртең шаардык кеңешке үгүт иштери башталат

Борбордук шайлоо комиссиясы шаардык кеңештерге шайлоо үчүн үгүт иштери 26-октябрда, айылдык кеңештердики болсо 5-ноябрда башталарын эскертүүдө. БШКнын басма сөз кызматы таркаткан билдирүүгө ылайык, үгүт иштери добуш берүүгө 24 саат калганга чейин токтотулат. Шаардык кеңештерге талапкерлерди каттоо бүгүн аяктайт.

Жергиликтүү кеңештерге депутаттарды шайлоо 25-ноябрга белгиленген. Бул күнү Кыргызстан боюнча 25 шаар жана 416 айылдык кеңешке шайлоо болот. (KKs)
Куржундар
XS
SM
MD
LG