Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Октябрь, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:53

Орусиянын коопсуздук күчтөрү Казанда ири жардыруу алдын алынганын айтууда

Орусиянын Федералдык коопсуздук күчтөрү Татарстандын борбору Казанда террорчу топ 26-октябрда Курман айт учурунда ири жардыруу уюштурууга камданганы аныкталып, алдын алынганын маалымдашты. ФККнын билдиришинче террорчулар майрам күнү эл көп чогулган жерди жардырууну көздөшкөн.

Кечээ Казанда полиция менен согушкерлер аткылашып, анда 2 террорчу жана 2 полиция окко учкан. Татарстанда бийликтер соңку учурда өлкөдө радикал исламчы топтордун көбөйгөнүнө тынчсызданып келишет.
​
XS
SM
MD
LG