Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Февраль, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 00:06

АКШ элчилиги: Транзиттик борбор боюнча сүйлөшүүлөр боло элек


АКШнын Кыргызстандагы элчилиги "Манас" аба майданындагы Жүк ташуучу борбордун келечеги боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүргүзүлө электигин тастыктады. Мындай билдирүүнү элчиликтин басма сөз кызматы таркатты.

"АКШ Кыргызстан менен учурдагы эки жактуу келишимдин алкагында иштеп жаткан Жүк ташучуу борбордун ишмердүүлүгү боюнча активдүү диалогду сактап келет. Биз 2014-жылга чейин эл аралык «Манас» аба майданында жайгашкан Жүк ташуучу борбор тууралуу Кыргызстандын позициясын түшүнөбүз. Азыркы тапта Жүк ташуучу борбордун келечеги боюнча расмий сүйлөшүүлөр жүргүзүлгөн жок",-деп жазылат элчиликтин билдирүүсүндө.

23-октябрда АКШнын Тажикстандагы жаңы элчиси Сьюзан Эллиот транзиттик борбор тууралуу америка-кыргыз сүйлөшүүсү башталганын айтып чыккан. Кыргыз бийликтери мындай сүйлөшүүлөр баштала элек деп билдиришкен. (AiK/KKs)

XS
SM
MD
LG