Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Февраль, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 16:58

БУУнун мурдагы прокурору Сириядагы аскерий кылмыштарды иликтейт


Карла дел Понте 19 айдан бери токтобой келген куралдуу кармаш учурунда сириялык аткаминерлердин аскерий кылмыштарын ачыктоого кызыкдар
Карла дел Понте 19 айдан бери токтобой келген куралдуу кармаш учурунда сириялык аткаминерлердин аскерий кылмыштарын ачыктоого кызыкдар
Бириккен улуттар уюмунун аскерий кылмыштарды иликтөө комиссиясынын курамына кошулган Карла дел Понте 19 айдан бери токтобой келген куралдуу кармаш учурунда сириялык аткаминерлердин аскерий кылмыштарын ачыктоого кызыкдар экенин айтты. “Сирияда адамгерчиликке каршы жана аскерий кылмыштар орун алган деп ишенимдүү айтууга болот”, - деди Понте. Учурда комиссия мүчөлөрү президент Башар Асад менен жолугушууга далалаттанып жатат. Комиссиянын башчысы Пауло Пинейро мындай деди:

- Биз сот эмеспиз, прокуратура эмеспиз. Биз чогулткан бардык материалдар кийин күнөөлүүлөрдү жазага тартууга укуктук негиз болуп бере алат,-деди Пинейро.

XS
SM
MD
LG