Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
11-Декабрь, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:19

Сириянын Эркин армиясы Курман айт учурунда ок атышууну токтотот


Козголоңчулардын кол башчысы генерал Мустафа ал-Шейх өкмөт ок атышпоону бузса, анын аскерлери жооп кайтарарын эскертти.

Бейшембиде Сириянын куралдуу күчтөрү жуманын таңынан дүйшөмбүгө чейин козголоңчуларга каршы аскердик операцияны токтото тураарын шардана кылган.
Бирок өкмөттүк армия да эрегешчилердин чабуулдарына жооп кайтарарын эскертти.

БУУнун баш катчысы Пан Ги Мундун маалымат катчысы Мартин Несирски жарыяны кубаттап, эки тарап тең убактылуу тыныгууну сакташы керек деди.

- Бардыгыбыз тараптар ортосунда өз ара ишенүү жок экенин жакшы түшүнөбүз. Ошон үчүн эмне болоорун билбейбиз, бирок куралдын үнү угулбайт деп ишенебиз.

Ал тапта бейшембиде Алеппо шаарында кармаштар уланып, козголоңчулар эки чөлкөмдү өз көзөмөлүнө алышканын билдиришкен.

XS
SM
MD
LG