Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:28

ЕБ Орусиядагы жаңы мыйзамга тынчсыздануу билдирет


Европа биримдигинин тышкы саясатын жетектеген Кэтрин Эштон Орусияда “мамлекеттик чыккынчылык “деген түшүнүктү кеңейткен берененин кабыл алынышына байланыштуу камтамасын билдирди. "Жаңы мыйзам куугунтуктоолорго жол ачат, далилдер базасын кыскартат", - деп айтылат Эштондун кеңсеси жасаган билдирүүдө. Анда буга чейин Орусияда кабыл алынган бир катар мыйзамдык актылар ансыз да жарандык коомдун аракеттерин чектеп салганы белгиленет.

Орус Думасы шейшембиде Кылмыш кодексиндеги “Мамлекеттик чыккынчылык жөнүндөгү” беренеге алымча-кошумча киргизүүнү колдогон. Документ эми Федерациялар кеңешинде колго салынып, андан кийин президентке жиберилмекчи.

XS
SM
MD
LG