Бул тууралуу анын адвокаты Марк Фейгин билдирди. Адвокаттын ырастоосунда, оппозиционер буга чейин берген көрсөтмөлөр кысым менен алынганын айтып, алардан баш тартып жатканы тууралуу арыз жазды.
Думанын депутаты Илья Пономаревдун жардамчысы Развозжаев, “Солчулдар фронтунун” координатору Сергей Удальцов жана шериги Константин Лебедевге каршы кылмыш иши НТВ каналынан көрсөтүлгөн даректүү тасмадан кийин козголгон.
Развозжаев Москвага Киевден алынып келип, камакка отургузулган. Ал өзүн жана жакындарын коркутуп-үркүтүшкөндөн кийин жасабаган иш үчүн күнөөсүн моюнга алганын билдирген. Украина бийлиги орусиялык оппозиционерди 19-октябрда Киевде “башка өлкөнүн күч структуралары” уурдап кетишкенин моюнга алды.
Шаршембиде Развозжаевдин адвокаттары анын камалышына байланыштуу арыз беришти.