Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Январь, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:58

Британ тышкы иштер министри Косовону экиге бөлүү мүмкүн эместигин айтты


Уильям Хэйг бейшембиде Приштинада Косовонун премьер-министри Хашим Тачи менен жолугушуудан кийин “түштүк-чыгыш Европанын картасы чийилип бүткөн” деп билдирди. Министр Белград менен Приштинаны пикир-келишпестиктерди тезирээк жөнгө салууга үндөдү. Буга чейин Сербиянын премьер-министри Ивица Дачич Косовонун сербдер жашаган бөлүгү Сербияга берилсе, Белград Косовону өзүнчө мамлекет катары тааныйт деген сунушун киргизген. Бирок Косовонун жетекчилери бул идеяны чекте кагышкан.

 

XS
SM
MD
LG