Бүгүн түн ортосунан тарта 25-ноябрга белгиленген жергиликтүү кеңештердин шайлоосуна үгүт иштери башталды. БШКнын маалыматы боюнча өлкө боюнча баш калаа Бишкек 25 шаардык жана 416 айылдык кеңешке шайлоого катышууга 23 саясий партия документ тапшырган. Кечээ саат кечки 6га карата алардын 13ү каттоодон өттү. Үгүт өнөктүгүн жүргүзүүгө 125 маалымат каражаты укук алды. Өнөктүк добуш берүүгө бир күн калганда токтойт.
БШК шайлоого катышкан бардык партияларга жана өнөктүктү чагылдырган журналисттерге үгүт маалында мыйзам чегинде иш алып барууну эскертти. (BkA)
БШК шайлоого катышкан бардык партияларга жана өнөктүктү чагылдырган журналисттерге үгүт маалында мыйзам чегинде иш алып барууну эскертти. (BkA)