Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:44

Премьер-министр Жалал-Абадда ачкачылык кармап жаткандар менен жолукту


Жумушчу сапар менен Жалал-Абадга барган өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев камактагы “Ата Журт” партиясынын лидерлерин боштондукка чыгарууну талап кылып, ачкачылык кармап жаткандар менен жолукту. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Анда Сатыбалдиев нааразылык акциясынын катышуучуларынын талаптарын угуп, алардын баары мыйзам чегинде чечилээрин билдирген. Ошондой эле өкмөт башчы ачкачылык кармап жаткандарды Курман айт күнү ачкачылыкты токтотууга үндөдү.

Бирок ачкачылык кармап жаткандардын бири Каныгүл Эшиеванын “Азаттыкка” билдиришинче, нааразылык акциясынын катышуучулары мындай чакыруусуна көнгөн жок. Эшиеванын маалыматында, учурда 26 адам Жалал-Абад облустук акимиятынын алдындагы боз үйлөрдө ачкачылыгын улантууда. (BkA)

XS
SM
MD
LG