Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:50

Миграция департаменти Орусияда чыккан китепчени сынга алды


Миграция департаменти Орусиядагы мигранттарды чарба шаймандарына салыштырууну басмырлоо катары баалайт.

Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги алдындагы миграция департаментинин өкүлү Сагынбек Кочкорбаев билдирди. Анын айтымында, жакынкы аралыкта бул китепчеге байланыштуу Орусиянын Тышкы иштер министрлиги жана Федералдык миграция кызматы менен кеңешүүлөр өткөрүлгөн жатат. Ошол эле учурда миграция департаментинин өкүлү мигранттар үчүн чыгарылган китепчеге Орусиянын расмий бийликтеринин тиешеси жок болгондуктан, аларга нааразылык нотасын жиберүүгө негиз жок экенин билдирди.

Жакында Санкт-Петербургда “Эмгек мигранттын жардам китепчеси” 10 миң нускада кыргыз, тажик жана өзбек тилдеринде басылып чыккан. (BkA\BuS)

XS
SM
MD
LG