Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:15

Кожоналиев террорчу менен байланышты деп шектелүүдө


Үй камагындагы коомдук ишмер Кубатбек Кожоналиевдин террорчул уюмдун лидери менен байланышы бар же жоктугу иликтенүүдө. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин басма сөз кызматкери Кубан Арзыкулов “Азаттыкка” кабарлады. Алдын ала маалыматтарга ылайык, Кожоналиев Бишкекте террорчул деп кармалган топтун лидери менен телефон аркылуу байланышкан деп шектелүүдө.

17-октябрда Бишкекте күч түзүмдөрүнө каршы теракт даярдаган деген шек менен 5 киши кармалган. Эртеси күнү "Түркестан ислам кыймылы" уюмуна жана террорчулукка тиешеси бар деп эл аралык издөөдө жүргөн Өзбекстан жараны колго түшүрүлгөн болчу.

Кожоналиевдин адвокаты Искендер Журабаев бул дооматтарды четке кагууда. Ал азырынча маалыматтар тастыктала электигин айтып, Кожоналиев эч кандай террорчул уюмдар менен байланышпаганын “Азаттыкка” билдирди.

Кубатбек Кожоналиев 3-октябрда Бишкекте өткөн Кумтөр маселесине арналган митингден көп өтпөй бийликти басып алууга көмөктөштү делип, тергөө абагына камалган. 19-октябрда ден соолугу начарлап, Улуттук кардиология жана терапия борборуна жаткырылган. Эки күн мурда адвокаттарынын өтүнүчү менен үй камагына чыгарылган. (KKs)

XS
SM
MD
LG