25-октябрда Орусиянын Екатеринбург шаарында жашап, иштеп жаткан кыргызстандыктар үчүн “Мекеним Кыргызстан” аттуу киножүрүш өткөрүлдү. Кыргызстандын Москвадагы элчилигинин басма сөз кызматы бүгүн кабарлагандай, иш-чаранын алкагында кыргыз жарандарына Кыргызстанда тартылган соңку тасмалар көрсөтүлдү. Ошондой эле элчи Болот Жунусовдун катышуусунда талкуулар уюштурулду.
“Мекеним Кыргызстан” киножүрүшү Орусиянын кыргыздар жыш жашаган шаарларында өткөрүлүп келет. Анын алкагында кыргызстандык режиссерлордун тасмалары көрсөтүлүп, чыгармачыл кечелер уюштурулат. Долбоор мигранттардын өз мекени менен байланышын бекемдөөнү көздөйт. (KKs)