Ооганстанда мечитте айт намаз маалында жанкечти жардырган бомбадан кеминде 27 киши шейит кетти. Жарадарлардын саны 50дөн көп. Кыянаттык өлкөнүн түндүк батышындагы Фаряб провинциясынын борбору Маймана шаарында жасалды. Жергиликтүү бийликтер мечиттин урандыларынын астында калган динзарларды куткарууга аракет көрүлүп атканын билдирди.
Бомба чабуулун ким уюштурганы беймаалым.
Кечээ талиптердин ана башы Молдо Омор өз үммөттөрүн Айт кезде ар кандай кыянаттык иштерден алыс болууга чакырган.
Бомба чабуулун ким уюштурганы беймаалым.
Кечээ талиптердин ана башы Молдо Омор өз үммөттөрүн Айт кезде ар кандай кыянаттык иштерден алыс болууга чакырган.