Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:29

Эртең айрым жерлерде жамгыр жаайт


Аба ырайын маалымдоочу борбордун билдиришинче, 27-октябрда Кыргызстандын айрым аймактарында жаан-чачын болот. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9, Ысык-Көл кылаасында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +2...+7, күндүз +13...+18,
Талас облусунда түнкүсүн 0...+5, күндүз +13...+18,
Баткен аймагында түнкүсүн +2...+7, күндүз +14...+19,
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +2...+7, күндүз +15...+20,
Ысык-Көлдө облусунда түнкүсүн +1...+6, чыгышында -2…+3, күндүз +8...+13 градус,
Нарында түнкүсүн -4…+1, күндүз +8…+13,
Суусамыр өрөөнүндө түнкүсүн -6...-11, күндүз +2...+7,
Тоолордо түнкүсүн -10...-15, ал эми күндүз 0…-5 болот.

Бишкекте дээрлик жаан-чачын болбойт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн +4...+6, күндүз +16...+18 градус болот. (KKs)

XS
SM
MD
LG