Тогуз ай ичинде уюшма кылмыштуу топтун 129 мүчөсү кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирүүдө. Маалыматка ылайык, шектүү адамдарды кармоо учурунда 20дан ашык ар кыл курал-жарак жана маңзаттар табылган. Жыл башынан бери уюшма кылмыштуу топтордун мүчөлөрүнө козголгон 44 кылмыш иш сотко жиберилди. (KKs)