Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Декабрь, 2023-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 21:54

Ветеринардык дарыларды Айыл чарба министрлиги тескей баштайт


Кыргызстандагы ветеринардык дарыларды каттоо, аларга сертификат берүү иши Айыл-чарба жана мелиорация министрлигине берилет. Министрликтин басма сөз кызматы маалымдагандай, тиешелүү өзгөрүүлөр боюнча өкмөттүн чечиминин долбоору иштелип чыкты. Буга чейин дарыларды Саламаттыкты сактоо министрлигинин атайын департаменти көзөмөлдөп келген.

Сентябрь айынын соңунда Жалал-Абаддын Сузак районунда чечекке каршы эмдөөдөн өткөн эки миңден ашуун кой кырылган. Бул окуядан соң парламент тиешелүү органдарга өлкөдөгү вакцина, дарыларды көзөмөлдөө тапшырмасын берген. (KKs)

XS
SM
MD
LG