Өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев бүгүн Орусиянын Маңзаттарды көзөмөлдөө кызматынын жетекчиси Виктор Иванов менен жолугушту. Анда эки өлкөнүн маңзат соодасына каршы биргелешкен күрөшүн күчөтүү демилгеси айтылды. Өкмөттүн басма сөз кызматы кабарлагандай, жолугушууда маңзат маселеси боюнча Орусия жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташуу корпорациясын түзүү сунушу талкууга алынды.
17-октябрда Бишкекте Ооганстандын, Кыргызстандын жана Тажикстандын маңзатка каршы аракеттери да талкууланган болчу. (KKs)
17-октябрда Бишкекте Ооганстандын, Кыргызстандын жана Тажикстандын маңзатка каршы аракеттери да талкууланган болчу. (KKs)