Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 00:20

Саудияда зыяратчылар шайтандын сөлөкөтүнө таш атышууда

Мекеде ажы сапарында жүргөн мусулмандар бүгүн шайтандын сөлөкөттөрүнө таш ыргытуу ибадатын аткара баштады. Бул Сауд Арабия жериндеги беш күндүк ажы зыяпатынын акыркы салт-жөрөлгөсү. Шайтанга таш ыргытуу элдин көптүгүнө байланыштуу үч күнгө чейин созулуп кетиши мүмкүн. Зыяратчылар өткөн түнү Муздалифа өрөөнүндө шайтанга ыргытууга ылайыктуу корголдой таштарды чогултушкан. Быйыл ажы парзын сакыт кылганы Саудияга 3 миллиондон ашуун динзар келген. Ден соолугу чың, каржы мүмкүнчүлүгү бар динзар үчүн ажыга баруу мусулманчылыктын беш негизги парзынын бири.
XS
SM
MD
LG