Европарламенn Сахаров атындагы “Ой эркиндиги” сыйлыгын ирандык диссиденттер: кинорежиссер Жафар Панахиге жана адвокат Насрин Сотудехке ыйгарды. Сотудех айым адам укугун коргоо боюнча көйкашка адвокат. Ал 2010-жылы өлкө коопсуздугуна коркунуч жаратты деп айыпталып, 11 жылга кесилген. Сот ошондой эле Насрин Сотудех 20 жыл адвокаттык кесипти аркалабасын деп өкүм чыгарган. Бирок кийинчерээк жаза мөөнөтү алты жылга кыскартылып, 10 жылдан кийин адвокаттык кылганга уруксат берилген.
Белгилүү режиссер Жафар Панахи 2010-жылы алты жылга соттолуп, ага 20 жылга кино тартууга тыйуу салынган. 12-декабрда 50 миң евро өлчөмүндөгү Сахаров сыйлыгын учурда абакта отурган эки лауреат үчүн ким алаары белгисиз.