Бүгүн Жогорку Нарында курула турган 4 ГЭCтин пайдубалына капсула салынат. Нарын районунун Кеңеш айылында өтө турган аземге президент Алмазбек Атамбаев катышат. Ошондой эле иш-чарага орусиялык “РусГидро” ачык акционердик коомунун төрагасы Евгений Дод да келери күтүлүүдө.
Орусия менен биргеликте Жогорку Нарын каскадында ГЭС куруу боюнча келишимге сентябр айында кол коюлган. Ага ылайык, ГЭСтердин курулушун толугу менен Орусия каржылайт. Курулган ГЭСтердин үлүшүн эки өлкө 50 пайыздан бөлүп алышат.
2013-жылдын февралына чейин Жогорку Нарындагы ГЭСтердин техникалык жана экономикалык негиздемеси даярдалып, март-апрель айларында курулуш иштери башталмакчы. (KKs)