Жогорку Сот камактагы депутат Камчыбек Ташиевдин баш коргоо чарасын кайсы күнү караары азырынча белгисиз. Бул тууралуу Ташиевдин адвокаты Икрамидин Айткулов “Азаттыкка” билдирди. Маалыматка ылайык, адвокат Жогорку Сотко көзөмөл арызды Бишкек шаардык соту чечим чыгарган күндүн эртеси берген.
17-октябрда Бишкек шаардык соту камактагы депутаттар Камчыбек Ташиев жана Талант Мамытовдун баш коргоо чарасын карап, биринчи соттук инстанциянын чечимин күчүндө калтырган. Андан соң Ташиев ачкачылык жарыялаган. Бирок аптанын акырында ден-соолугу начарлап кетип, кайра тамак иче баштаган.
3-октябрдагы Ак үй алдындагы башаламандык боюнча “Ата Журт” партиясынын депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытовго “Конституциялык бийликти кулатууга аракет кылган”, “Бийликти басып алууга чакырык жасаган” деген айыптар тагылууда. (KKs)