Интернеттеги "Уикипедия" энциклопедиясында кыргыз тилиндеги макалалардын саны 15099га жетти. Бул тууралуу "Уикипедиянын" расмий сайтында айтылат. Маалыматка ылайык, кыргызча "Уикипедиянын" казынасын байытуу үчүн Кыргызстандагы кеминде жети университеттин студенттери салым кошууда.
Буга чейин “Кыргыз уикипедиячылар кыймылы” да түзүлгөн болчу. Долбоордун уюштуруучулары “Азаттыкка” билдиргендей, кыймылдын мүчөлөрү жыл аягына чейин кыргызча "Уикипедиянын" казынасын 20 миң макалага чейин жеткирүүнү көздөп жатышат.
Азыр "Уикипедияда" казак тилинде 168 миң, орус тилинде 920 миңге жакын, англисче болсо 4 миллиондой макала бар. Интернеттеги "Уикипедия" энциклопедиясынан кеминде 270тен ашуун тилде маалымат алып, түшүндүрмөлөрдү тапса болот. (KKs)