Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:58

Ооган президенти мечиттеги чабуулду айыптады


Ооганстандын президенти Хамид Карзай өлкөнүн түндүгүндөгү мечитте жанкечти өзүн жардырып жиберген окуянын уюштуруучуларын исламдын жана адамзаттын душмандары деп атады. Маймана шаарындагы кечээки чабуулдан 41 адам каза болуп, кеминде 50 адам жарадар болду. Чабуулдан көбүнесе Курман айт майрамын белгилеп жаткан жергиликтүү бийлик өкүлдөрү жабыр тарткан. Бул окуяга жоопкерчиликти эч ким мойнуна ала элек. (KKs)

XS
SM
MD
LG