Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Июнь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 06:43

Сирияда атышууну токтотуу жөнүндө макулдашуу бузулууда


Сирияда Курман айт күндөрү ок атышууну убактылуу токтотуу жөнүндө макулдашууну эки тарап тең бузганы кабарланууда. Жума күнү Дамаскиде бомба коюлган машина жарылып, анда беш киши каза болду. Кеминде 30 адам жаракат алды. Байкоочулар жума күнү өлкө боюнча 70 киши мерт болгонун билдиришүүдө.

Бириккен улуттар уюму менен Араб лигасынын Сирия боюнча атайын чабарманы Лахдар Брахими бейшемби күнү төрт күндүк элдешүү өлкөдө 19 айдан бери жүрүп жаткан кандуу булоонду токтотконду мүмкүн кылат деген үмүтүн билдирген болчу. Өкмөттүк күчтөр жана козголоңчулар каршы тарап ок атпаса гана ок чыгарбасын айтып жатышкан. (KKs)

XS
SM
MD
LG