Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:23

Таласта интернат кызматкерлери ачкачылык жарыялады


19-октябрдан бери Талас районунун Бердике айылдык аймагында жайгашкан мектеп интернатынын 9 жардамчы кызматкери ачкачылык жарыялап отурат. Бул тууралуу "Азаттыкка" аталган мекеменин мурунку директору Кенжаалы Орозалиев кабарлады. Алар облус прокурору Замир Калыевди орун басарлары менен кызматтан кетишин талап кылып жатышат.

Нааразы тарап буга чейин интернатта өткөрүлгөн марафон боюнча прокуратура ашкере текшерүү жүргүзүп жатат деп эсептешет. “Азаттыктын” кабарчысы билдиргендей, ачкачылык жарыялагандар интернаттын жанында тигилген эки боз үйдө отурушат. Бул маселе боюнча облустук прокуратура “Азаттыкка” маалымат беришкен жок.

Мектеп интернатында акыл-эси өрчүбөй калган 120 бала тарбияланат. (MbA)

XS
SM
MD
LG