Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:32

Сирияда Курман айт күнү 146 адам окко учту


Сирияда Курман айт күнү да кагылыш токтогон жок. 2012-жылдын 26-октябры.
Сирияда Курман айт күнү да кагылыш токтогон жок. 2012-жылдын 26-октябры.
Укук коргоочулар Сирияда жаатташкан тараптар мусулмандардын ыйык майрамында жарашуу боюнча макулдашуу бузулуп, аткылашуу бүгүн уланып жатканын белгилешти. Бүгүн борбор калаа Дамаск, өлкө түндүгүндөгү Алеппо жана түштүктөгү Дераа шаарларында кагылыш болду.

Укук коргоочулар Сирия боюнча эл аралык чабарман Лахдар Брахиминин Курман айт күндөрү төрт күнгө ок атууну токтотуу аракети натыйжасыз болуп калганын айтышууда. Сирияда 19 ай мурун башталган бийлик-оппозиция кагылышынан бери өлгөндөрдүн саны 30 миңден ашып, 100 миңдеген адамдар өлкөнү таштай качышкан.

XS
SM
MD
LG