Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:50

Орусиялык миллиардер саясатта жигердүү болоорун убада кылды


Бүгүн Москвада миллиардер Михаил Прохоров өзү түптөгөн “Жарандык платформа” партиясынын съездинде партияга мүчө болуп катталып, мындан ары саясат менен гана алектенерин белгиледи. Буга чейин бизнесмен партияга мүчө болуп кирүүгө ниети жок экенин айтып келген. Ал бүгүнкү жыйында Орусиянын административдик-аймактык бөлүнүүсүн өзгөртүү зарылдыгын айтып, азыркы түзүлүш экономикалык көз караш менен караганда натыйжасыз деп сынга алды.

Михаил Прохоров Forbes журналынын иликтөөсүндө орусиялык эң бай ишкерлердин арасында 13,2 миллиард доллары менен жетинчи орунда турат. Ал быйылкы президенттик шайлоодо 8% добуш алып, үчүнчү орунду камсыздаган.

XS
SM
MD
LG