Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
30-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:18

Белгилүү немис композитору Хенце көз жумду


Германиянын Дрезден шаарында белгилүү немис композитору Ханс Вернер Хенце 86 жаш курагында кайтыш болгонун Schott Music музыкалык басылмасы жазып чыкты. Хенце өткөн кылымдын экинчи жарымында таасирлүү классикалык музыкалардын жаратуучусу, ондогон симфониянын, опера жана балет спектаклдердин автору болгон. Анын атасы экинчи дүйнөлүк согушта Чыгыш фронтунда каза тапкан. Хенце өзү согуштан кийин армияга чакырылып, британ куралдуу күчтөрүнө туткунга түшүп калган.

Композитордун репертуарында 130дан ашуун чыгарма бар.

XS
SM
MD
LG