Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Январь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:47

“Ак илбирсти” "Көч" алды


Кинорежиссерлор Артыкпай Сүйүндүков жана Молдосейит Мамбетакуновдун "Көч" даректүү фильми эң мыкты деп табылды. Ушул эле фильм мыкты режиссер, мыкты сценарий, оператор, мыкты үн режиссерлугу, мыкты монтаж деген номинацияларды утуп алды. Ал эми мыкты сүрөтчү жана музыка номинациясына “Гу Жум Пого кантип күйөөгө тийүү керек?” фильми татыктуу болду. Кинодогу эң жакшы аткарылган аялдын ролу деп “Шахрезада” фильминде ойногон Зарема Асаналиева жана эркектин ролу үчүн ушул эле фильмдеги Евгений Таранов табылды.

Быйыл биринчи жолу уюштурулуп жаткан улуттук "Ак илбирс" киносыйлыгына 40 фильм катышкан. Экинчи турга өткөн 18 фильмдин ичинен калыстар тобу добуш берген алдыңкы тасмалар тандалды. Бир жылда бир тапшырылчу сыйлык Кыргызстандын 8 кинорежиссеру тарабынан уюштурулууда. (AKu)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG