Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:25

Шайлоо бюллетениндеги партиялардын тизмеси аныкталды


Бишкек шаардык кеңештин шайлоосуна катыша турган партиялардын бюллетендеги тизмеси белгилүү болду. Бүгүн борбордук шайлоо коимиссиясында өткөн чүчү кулактын жыйынтыгында Кыргызстандагы жашылдар партиясы тизменин эң башында жазылмай болду. Бул тууралуу борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматы билдирди.

Борбор калаанын депутаттыгына ат салышып жаткан саясий партиялардын бюллетендеги жайгашуу тизмеси:

1. Кыргызстандагы жашылдар партиясы;
2. «Биримдик жана өнүгүү»;
3. Кыргызстандын социал-демократтар партиясы;
4. «Кайран эл»;
5. Кыргызстандын элдик демократиялык партиясы;
6. "Тоскоолдуксуз жашоо" партиясы;
7. «Биримдик. Эркиндик. Адилеттүүлүк. Мекен»;
8. Мекенчил «Ата-Журт» партиясы;
9. «Эгемен Кыргызстан»;
10. "Столица" демократиялык партиясы;
11. «Эркин Эл» Кайра жаралуу партиясы;
12. «Мекен Ынтымагы»;
13. «Ак шумкар»;
14. «Ар-Намыс»;
15. «Республика»;
16. «Кыргызстандын мекенчилдери»;
17. Кыргыз Республикасынын унаачылар партиясы;
18. «Асман Ала-Тоо»;
19. «Адилеттүү Кыргызстан»;
20. «Замандаш-Современник»;
21. "Ата Мекен";
22. «Бүтүн Кыргызстан»;
23. «Ак Санат» элдик башкаруу партиясы

Бишкек шаардык кеңеште 45 орун бар. Кыргызстанда жергиликтүү кеңештердин шайлоосуна карата үгүт иштери 26-октябрда башталды. Кыргызстанда 25 шаардык жана 416 айылдык кеңешке шайлоо 25-ноябрда өтөт. (AKu)

XS
SM
MD
LG